Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Адвокат Брейвиктин психикасын текшерүүнү каалайт


Норвегияда эки терракт жасады деп шектелип жаткан Брейвиктин психикалык саламаттыгы текшерилиши керек. Бул тууралуу анын адвокаты Гейр Липерстад билдирди. Адвокаттын айтымында, Брейвик өзүнүн пикирдеш эки жергиликтүү, бир нече чет өлкөлүк топтор бар экенин, мурдагыдай эле Европаны исламдаштырууга каршы согуш жүргүзүп жатканын, жасаганына өкүнбөстүгүн билдирүүдө.

- Ал өзүн согушта жүрөм деп ишенет, согушта согушта жүргөндөй иш жасаш керек деп эсептейт, - деди адвокат.

25-июлда сот Брейвикке терроризмге байланыштуу айып тагып, сегиз жумага чейин камакта калуу чечимин чыгарган. Дүйшөмбү күнү кечинде 100 миңден ашык норвегиялык гүлдөр жана шамдар менен көчөгө чыгып, өлгөндөрдү эскеришти.

XS
SM
MD
LG