Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

АКШда Обаманы өлтүрөм деген өзбек жараны соттолууда


Федералдык сот Улугбек Кадыровго президент Барак Обаманы өлтүрөм деп, курал сактаганы үчүн айып койду. Сот 21 жаштагы өзбек жараны ушул айда төрт ирет Обаманы коркутканын билдирди.

Билдирүүдө коркутуулар боюнча башка маалымат берилген жок, бирок өзбек жаранына АКШнын президентин улам кайра өлтүрөм деп коркутуп, граната, М15 үлгүсүндөгү автомат алып жүргөнү үчүн айып коюлганы айтылат.

Документке ылайык, Кадыров 13-июлда Алабама штатындагы мотелде, АКШнын бийликтери менен иштешкен чалгынчыдан курал сатып алгандан кийин кармалган. Ага ар бир коркутуусу үчүн беш жылдан, ошондой эле ар бир курал айыптоосу үчүн 10 жылдан түрмө мөөнөтү берилиши мүмкүн. Бийликтердин маалыматы боюнча, Кадыров студенттик визасы былтыр апрел айында бүткөндөн кийин окууга өтө албай калып, АКШда мыйзамсыз жашап жүргөн.

XS
SM
MD
LG