Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

ӨКМ: Токойлордо өрт коркунучу жогору


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул тапта Лейлек, Талас, Аксы, Жети-Өгүз, Базар-Коргон, Нарын, Токтогул райондорунун токойлорунда өрт коркунучу жогору экендигин эскертет. Бул күндүн ысып кеткендигине байланыштуу болуп жатканын министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

27-июнга карай Кыргызстанда 25 өрт катталып, алардын көбү Чүй өрөөнүнө туура келүүдө. Жыл башынан бери жарым жылда өлкөдө миңден ашуун өрт кырсыгы катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы агенттигинин инспектору Азамат Ашыралиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, бул кырсыктардын көбү турак-үйлөрдө болгон. Мындан тышкары өрт кырсыктарынын басымдуу бөлүгү отту жана электр тогун туура эмес пайдалануудан келип чыгат. (EK)

XS
SM
MD
LG