Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык Ала-Тоо аянтына краны менен унаа келип эстелик алынат. Азырынча бул эстелик кайда орнотулаары аныктала элек. "Эркиндик" эстелигинин ордуна Манастын айкели орнотулуп, анын ачылышы 30-августта болоору айтылууда. (EK)