Жардыруу бүгүн өлкөнүн түштүгүндөгү шаардын мэриясына жакын жерде болгонун кабарлашты. Жанкечти бомбаны башына оролгон селдеге катып алган экен. Мэр Гулам Хайдар Хамедиге каршы чабуулду талиптер жасашканын мойнуна алышты. Эки апта мурда Ооганстанда президент Хамид Карзайдын бир тууган инисин, бир апта мурда президенттин жакын санаалашын да өлтүрүп кетишкен эле.
Өлкөдөгү соңку чабуулдар НАТОнун аскерлери коопсуздук үчүн жоопкерчиликти ооган аскерлерине өткөрө баштагандан кийин күчөдү. АКШнын Ооганстандагы элчиси Раян Крокер чабуулду кескин айыптады.
Өлкөдөгү соңку чабуулдар НАТОнун аскерлери коопсуздук үчүн жоопкерчиликти ооган аскерлерине өткөрө баштагандан кийин күчөдү. АКШнын Ооганстандагы элчиси Раян Крокер чабуулду кескин айыптады.