Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Норвегияда полициянын аракети иликтенет


Норвегиянын премьер-министри Йенс Столтенберг бүгүн жалпы элге кайрылуусунда билдиргендей, кеминде 76 адам өлгөн теракт учурунда полиция менен коопсуздук күчтөрү кандай аракет көргөнү иликтөөгө алынат. Буга чейин эки башка жердеги чабуул учурунда полиция ыкчам коопсуздук чараларын көрбөгөнү сынга алынган болчу. Премьер-министр коопсуздук боюнча талкууларды колдой турганын, норвегиялыктар бул чабуулдардан кийин мурдагыдан да “ачык жана демократиялуу коомго айланаарын” белгиледи. 22-июлда Ослодогу жардырууну жана Утойя аралында жаштардын лагерине чабуулду оңчул экстремист, азыр камактагы Андерс Брейвик жасаганын мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG