Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Ишкердин токмоктолушу боюнча кылмыш иши козголду


27-июлда күндүзгү саат 11лер чамасында түбү ооганстандык, Кыргызстандын жараны ишкер Гуллаб Шах Мухаммад Ахмадка үйүнү кирип бараткан жеринен белгилсиз эки адам кол салган. Ички иштер министрилгинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин “Азаттыкка” айтымында, бул окуя боюнча 168-берененин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголду. Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар ишкердин документтер салынган портфелин алып кетишкен.

Гуллаб Шах Мухаммад Ахмад өзү бул окуяны “Темир” мамлекеттик ишкананын жетекчилери тарабынан жасалган буюртма деп эсептерин “Азаттыкка” билдирди. Ал учурда Республикалык оорукананын нейротравмотология бөлүмүндө дарыланууда. Дарыгерлер ишкердин саламаттыгы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышууда. Ал эми “Темир” мамлекеттик ишканасынын директору Улукбек Абдумомунов муну куру жалаа, доомат деп, Гуллаб Шах Мухаммад Ахмаддын мурда эле таза эмес бизнес жасагандыгын, ошол себептүү ортодо келишим үзүлгөнүн айтууда. ИИМ учурда окуя боюнча иликтөө, тергөө иштерин жүргүзүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG