Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Алиева: Келдибеков Түркияда эс алууда


Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков Түркияга кыска мөөнөткө эс алууга кеткенин анын маалымат катчысы Асел Алиева тастыктады.

Буга чейин айрым маалымат булактары төрага Келдибеков Түркиянын Стамбул шаарына учуп кеткенин, андан ары Араб Эмираттарына барып, Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн анабашы делген Камчы Көлбаев менен жолугарын жазып чыгышкан.

Алиева Келдибековдун айланасындагы айрым сөздөрдү президенттик шайлоо менен байланыштырууда. Ошондой эле ал ЖК төрагасынын беделине шек келтире турган буйрутма макалаларды жазган айрым маалымат каражаттарын сотко берүүгө керектүү материалдар топтолгонун кабарлады.

Асел Алиеванын билдирүүсүн бул жерден толугу менен окуңуз. (КЕ)

XS
SM
MD
LG