Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:08

21-августта Киев-Бишкек-Киев аба каттамы ачылат


21-августтан тартып Киев-Бишкек-Бишкек каттамы ачылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Украинанын Кыргызстандагы убактылуу элчисинин милдетин аткаруучу Юлия Кноп кабарлады. Анын айтымында, түз аба каттам эки өлкөнүн экономикалык, гуманитардык мамилелерин өрчүтүү максатында ишке ашырылат. Кноп Кыргызстан-Украина ортосундагы визасыз режим эки өлкөнүнүн туристтерине жеңилдик берерин кошумчалады. Маалыматка ылайык, аба каттамды украиналык “Аэросвит” компаниясы ишке ашырат. Биринчи каттам Киевден Бишкекке 20-августта, ал эми Бишкектен Киевге 21-августта учат. Бүгүнкү күнгө каттамдын эң арзан билеттери 350 доллар турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG