Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Кыргызстан-Өзбекстан: оюн 0:3 эсебинде жыйынтыкталды


Кыргызстан-Өзбекстан футболчуларынын беттешүүсү соңуна чыкты. Мелдештин экинчи таймынын 44 мүнөтүндө №11 өзбекстандык футболчу Бахадыр Насимов гол киргизип, натыйжада 0:3 эсеби менен мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу жеринен “Азаттыктын” кабарчысы билдирди.

Футбол саат 18де "Спартак" стадионунда эки өлкөнүн гимни ойнолуп башталды. Болжол менен жалпы орундун төрттөн бири толгон. Буга чейин мелдешке болжол менен 20 миңдей көрүүчү күбө болору айтылган. Маалыматка ылайык, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн миңден ашуун милиция кызматкерлери, ондон ашуун кинологдор үйрөтүлгөн иттери менен тартылган. Ар бир үчүнчү катарга бирден милиция кызматкерлери коюлган. Тартип коргоо кызматкерлери футбол күйөрмандарын катуу текшерип киргизди. Ошондой эле тез жардам жана өрт өчүрүү кызматы да тартылган.

23-июлда Ташкентте өткөн Кыргызстан менен Өзбекстан курама командаларынын беттешинде кыргызстандык футболчулар 4:0 эсебинде утулуп калган. Өзбекстан менен Кыргызстан курама командалары 2014-жылы Бразилияда өтө турган футбол боюнча дүйнө биринчилигинин тандоо турунун алкагында беттешүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG