Линктер

бейшемби, 25-май, 2017 Бишкек убактысы 20:40

Франциялык аскер жаш балдарды, боюнда бар аялды атып салды


Ооган президентинин кеңсеси жана Франциянын армиясы билдиргендей, франсуз аскери Каписа дубанында машинаны аткылаганда, ичиндеги үч киши окко учту.

Француз армиясынын маалымат кызматына ылайык, кайгуулда турган аскерлерди көздөй келаткан машина токтобой өтүп баратканда аткыланган. Президенттин кеңсесинен окко учкандар кош бойлуу аял, бир өспүрүм, бир жаш бала экендигин бышыкташты. Ооган президенти чабуулду айыптады, Франция расмий кечирим сурады.

XS
SM
MD
LG