Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Беларуста камактагы активистке адвокатын жолуктурбай коюшту


Өлкөнүн чыгышындагы Хорки жумуш лагеринде отурган саясий активист Змитсер Дашкевичке адвокаты жолуга албай кайтты. Дашкевичтин сүйлөшкөн кызы Наста Палашанка "Азаттыктын" Беларус кызматына билдиргендей, лагер өкүлдөрү адвокат Мариана Сямашкага Дашкевич жеке камерада отургандыктан аны менен сүйлөшүү мүмкүн эместигин билдиришкен.

Палашанканын айтымында, активист акыркы бир нече аптада үч жолу жеке камерага отургузулду. "Жаштар майданы" деп аталган саясий уюмду жетектеген Дашкевич дагы бир активист менен кошо март айында бири эки, экинчиси төрт жылга эркинен ажыратылган. Алар декабрдагы президенттик шайлоонун алдыңкы күнү Минскиде эки кишиге кол салган деген кине менен кесилген. Дашкевич бул айыптоону мойнуна алган эмес.

XS
SM
MD
LG