Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Кыргыз-өзбек чек арасында жаңы бажы бекети ачылат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан Бажы кызматынын маалымат катчысы Абдылда Малдыбаев билдирди. Анын айтымында, кыргыз-өзбек чек арасында ачыла турган “Кызыл-Кыя” бажы бекети эл аралык талаптарга ылайык салынган жана жаңы заманбап жабдуулар менен жабдылган.

Малдыбаев азырынча Өзбекстан унааларды өткөрүүгө уруксат бере электигин, бекет күнүнө 300-500 унааны текшерип өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады. Аны курууга Азия өнүктүрүү банкынан 7,5 млн. доллар бөлүнгөн. Жаңы бекеттин ачылыш аземи 30-июлда өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG