Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:24

Орусияда туткунда калган Кыргызстан жараны бошотулду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Алмаз Абдысияев кабарлады. Анын айтымында, эки айдан бери туткунда жүргөн Баткен облусунун тургуну Мавлюда Мурзаева бошотулуп, Кыргызстанга жөнөтүлдү.

Маалыматка ылайык, 26-июлда элчиликке туткунга кабылган Мавлюда Мурзаеванын уулу Шерзод Мурзаевден арыз түшкөн. Ал апасын эки айдан ашуун убакыттан бери Москва облусунун Мтищи шаарында бир адам кармап, үйүнөн чыгарбай жатканын кабарлаган. Абдысияевдин айтымында, Мурзаева үй жумушчусу болуп иштөөгө макул болгонун билдирген маалыматты интернетке калтырып, натыйжада аны Орусия жараны, 51 жаштагы Геннадий Лагодин 75 жаштагы апасын каратуу үчүн чакырып, ошол бойдон туткундап алган. Юрист Абдысияев Мурзаева ал жерде кыйноого кабылганын жана денесинде көк-ала тактар бар болгонун кошумчалады.

Ал эми Орусиянын тартип коргоо органдары Лагодинге байланыштуу кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG