Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:41

Украинада шахталардагы кырсыктарда өлгөндөрдүн саны 25 адамга жетти


Дагы 12 адамдан дайын жок. Издөө иштери улантылууда. Кечээ Луганск облусундагы шахталардын биринде метан жарылып кеткен. Кийинчерээк коңшулаш Донецк облусундагы шахтада тирөөчтөр сынган эле. Украинанын көмүр кендери техниканын эскилиги жеткенинен, коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан дүйнөдөгү эң эле кооптуу шахталардан деп эсептелинет. Өлкөдө 31-июль соңку кырсыктарда набыт болгондорго аза күтүү күнү деп жарыяланды.
XS
SM
MD
LG