Бул боюнча маалыматты бүгүн Сирияда адам укугун коргоо жаатында иштеген эки башка уюм таркатты. Жума намаздан кийинки масштабдуу демонстрацияларда Дамаск шаарында жүздөгөн киши кармалганы да айтылууда. Бул өлкөдө президент Башар ал-Ассаддын кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акциялары быйыл мартта башталган. Активисттердин айтымында, ошондон бери өлкөдө 1800 ашуун адам коопсуздук күчтөрүнүн огунан өлдү.
Сирияда кечээ 20 демонстрант өлгөнү кабарланууда
