Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:01

“Прогресс” кору: кумар оюндарын чектеш керек


“Прогресс” кору бүгүн таркаткан билдирүүсүндө Кыргызстанда кумар оюндарына эч кандай чек коюлбаганын сынга алып, Бишкектеги оюн автоматтарын жана казинолорду чектөө талабын койду. Аталган кор кумар оюндарынан нечендеген үй-бүлөлөр зыян тартып жатканын эскертип, оюн мекемелерин шаардан тышкары жайгашкан атайын бир аймакка жайгаштырууну сунуштайт.

Быйыл Жогорку Кеңештин айрым депутаттары оюн залдарына чектөө киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдашкан. Бирок бул долбоор депутаттардын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болгон эмес. (KKs)

XS
SM
MD
LG