Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:29

Кытай Шинжаңдагы кыянатчылыктар үчүн “экстремисттерди” айыптады


Кытай бийликтери өлкөнүн батышындагы жана Кыргызстанга чектеш Шинжаң чөлкөмүндө адам өлүмү менен коштолгон соңку зордук-зомбулуктар үчүн жоопкерлерди “мусулман диний экстремисттери” деп мүнөздөдү. Расмий Бээжиндин көз карашында, алардын бышында “чет өлкөлөрдөгү террордук лагерлерде машыгып келгендер” турган. Ушул ишемби жана жекшемби күндөрү Кашкар шаарындагы эки кагылыштан кеминде 18 киши каза тапканы кабарланган. Мамлекеттик “Синьхуа” жаңылыктар агенттигинин шаардык өкмөткө шилтеме жасап кабарлаганына караганда, полициянын баштапкы иликтөөлөрү кыянатчылыктардын артында турган топтун лидерлери жардыруучу куралдарды пайдаланууну “Чыгыш Түркүстан ислам кыймылынын” Пакистандагы лагеринен үйрөнгөнүн көргөздү. Кытайдын Шинжаң чөлкөмүндөгү улут аралык мамиледе көп жылдардан бери эле чыңалган абал өкүм сүрүп келет. Эки жыл мурда Үрүмчүдө уйгурлар менен кытайлардын кагылышуусунан 200дөй киши каза тапкан.

XS
SM
MD
LG