Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Жогорку Сот судьясы болом дегендерге 3-4-августта добуш берилет


Конституциялык палатага жана Жогорку Соттун судьялыгына арыз берген талапкерлерге добуш берүү 3-4-августта өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сотторду тандоо кеңешинен кабарлашты. Ушул тапта талапкерлер оозеки сынактан өтүшүүдө. Маалыматка ылайык, Конституциялык палатадагы 11 орунга 30 талапкер, Жогорку Соттун судьялыгы үчүн 35 орунга 114 талапкер арыз берген.

Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Кеңештин 8-июлдагы кезексиз жыйынында бекитилген. Ага ылайык, бул кеңешке 24 адам кирип, төрага болуп Замирбек Базарбеков шайланган. Бул кеңеш Кыргызстандагы 450дөн ашык судьялардын кызмат ордуна ылайыктуулугун кайра карап чыкмакчы. (КЕ)

XS
SM
MD
LG