Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

Дефолтко каршы АКШда кезектеги кадам жасалды


Дефолтту кыйгап өтүү максатында мамлекеттик ички карыздардын лимитин 2,4 триллион долларга көтөрүүнү АКШ парламентинин өкүлдөр палатасы колдоду. Долбоор күчүнө кириши үчүн эми АКШ Сенаты жактырышы керек.
Планга ылайык АКШ жакынкы он жылда бюджеттик чыгымдарды кеминде триллион долларга кыскартууга милдеттүү болот. Бирок мындай кыскартуу демократтардын теңме-теңин канагаттандырган жок. Алардын бири Ненси Пеллози добуш берүүгө аргасыз болуп жатканын билдирди:
- Биз жакшы жылыш жасап жатабыз деп айтыш кыйын, ошондой болсо да кырдаалдан чыгуучу жагдай түзүлүп жаткан үчүн мен добуш берем.

Мамлекеттик карыздын азыркы лимити АКШда 14,3 трлн. доллар. Бул чечим 3-августка чейин кабыл алынбаса АКШ тарыхында биринчи жолу техникалык дефолт башталары мурда кабарланган.

XS
SM
MD
LG