Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

ӨКМ Баткен районуна 20 чатыр жөнөттү


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” маалымдашынча, 20-июлдагы жер титирөөдө турак-жайлары жараксыз болуп калган Баткен облусунун тургундарына беш орундуу 20 даана чатыр жеткирилди.

1-августта Баткен районуна караштуу Сай (Кыштут айыл округу) айылынын айрым тургундары зилзаладан турак-жайы жараксыз абалга келген жети үй-бүлө ачык асманда күн өткөрүп жатышканын “Азаттыкка” кабарлашкан эле. Бекиловдун айтымында, Баткен районунун акими Хаиталы Айкынов бул маселе боюнча аталган министрликке 1-августта кайрылган. Натыйжада бүгүн аталган аймактын Кыштут Сай, Суу-Башы, Төрт-Гүл, Дара жана Кара-Бак айыл округдарында жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга чатырлар жеткирилип берилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 20-июлдагы зилзаланын кесепетинен Ош жана Баткен облусунда кеминде эле 750дөн ашык имарат авариялык абалга келген. Баткен облусунда зилзаладан 1214 адам жабыркаганы айтылууда. Жер титирөөнүн күчү очогунда 7-8 баллга жеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG