Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Москва Сирия зомбулугуна каршы резолюцияны колдойт


Москва БУУнун Сириядагы зомбулукту сындаган резолюциясына каршы эмес. Бул тууралуу Орусиянын БУУдагы өкүлү Виталий Чуркин билдирди. Буга чейин Кытай менен Орусия резолюцияга каршы болуп келген. БУУнун Коопсуздук кеңеши резолюцияны талкуулоону улантууда. Италия Сириядагы зомбулукка каршылык иретинде өзүнүн Дамаскидеги элчисин чакыртып алды жана Евробиримдиктеги башка өлкөлөрдү д ушундай кадамга чакырды. Сирия бийлиги шейшембиде Хамада кечки намаздан кийин акцияга чыккандарды дагы аткылап, анда кеминде 5 киши мерт болгону кабарланды.

XS
SM
MD
LG