Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:40

БШК кызматкерлери жаңы мыйзам боюнча сабак алышат


Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, атайын өкүлдөр жана аппарат кызматкерлерине жаңы шайлоо мыйзамы боюнча кеңири түшүнүк берилет. Семинарга БШК юристтери, шайлоо мыйзамын жазган авторлор, Жогорку Кеңештин депутаттары катышат. Анда шайлоо мыйзамындагы жаңылыктар, БШКнын аймактык шайлоо комиссиясындагы өкүлү, анын аткаруучу иши, укугу жана милдеттери тууралуу маалымат берилет.

Иш-чара 3-4-август күндөрү Бишкекте өтөт. Эки күндүк семинардын катышуучулары шайлоочулардын тизмесин түзүү, шайлоодогу талаш-тартыш маселелерди чечүү жана башка багыттар боюнча толук сабак алышат деп маалымдайт БШКнын басма сөз кызматы.

Жаңы шайлоо мыйзамы 2011-жылы кабыл алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG