Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:35

Футбол: Кимдин багы ачылат?


2-августта Бишкек жана Кант шаарларында футбол боюнча Эгемендүүлүк кубогунун жарым финалдык беттешүүлөрү болду.

Кыргызстанда футбол боюнча Эгемендүүлүк кубогу жыйырма жылдан бери өткөрүлүп келатат. Өлкөнүн футбол чемпионаты жогорку жана биринчи лигаларда өткөрүлүп, ага тандалган командалар гана катышып, айлампа менен күч сынашат. Эгемендүүлүк кубогуна өлкөнүн бардык аймагындагы футболчулар күч сынашууга укуктуу.

Мындан 4-5 жыл мурда бул мелдешке 64 команда катышса, жыл өткөн сайын алардын катары суюлуп баратат. Быйыл мындай таймашууга алгачкы этапта 32 команда мөрөй талашып, анын 16сы экинчи этапка чыккан. Алардан мыктылары иргелип, 8 команда чейрек финалга укук алган. 4 мыктысы жарым финалга чыкты.

2-августта биринчи жарым финалда Бишкекте “Дордой” менен Кочкор-Атанын “Нефтчи” командалары күч сынашты.

Экинчи жарым финалда Канттын “Абдыш-Ата” командасы менен Оштун “Алай” командасынын ортосундагы таймашуу өттү.

"Баш байге үчүн “Дордой” командасы менен Канттын “Абдыш-Ата» командасы атаандашы мүмкүн", - дейт Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти Шаршен Касенов.

Эгемендүүлүк кубогунун мелдештеринин деңгээли жыл сайын төмөндөп баратканын Футбол федерациясынын жооптуу кызматкери Дастан Конокбаев да белгилеп, аймактык мелдештерди, кубокторду өткөрүүнүн зарылдыгын “Азаттыкка” айтты.

Биринчи таймда эсеп ачылган жок. Экинчи таймда оюн курч мүнөздө өтүп, алгач эсепти “Дордойдун” чабуулчусу Азамат Байматов ачты. Ага жооп кылып “Нефтчи” командасынын жарым коргоочусу Бакыт Маматов эсепти теңдеди.

Кочкораталыктардын тажрыйбалуу дарбазачысы, 40 жаштагы Закир Жалилов командасын бир нече ирет сактап калды.

Ошентип биринчи жарым финалда Бишкектин “Дордой” командасы менен Кочкор-Атанын “Нефтчи” командалары 1:1 эсебинде тең чыгышты.

Экинчи жарым финалда Канттын “Абдыш-Ата” командасы менен Оштун “Алай” командаларынын ортосундагы таймашууда канттык футболчулар 4:1 эсебинде жеңишке жетишти.

Эгемендүүлүк кубогунун жарым финалдык беттешүүсүнө күбө болгон спорт ишмери Кадыр Эргешов кочкораталык футболчуларга жогору баа берди.

- Кочкораталыктардын жыл сайын чеберчилиги жогорулап, чыныгы атаандаш катары таанылууда. Атүгүл өлкөнүн чемпиондугун да былтыр утуп алышкан. Оюн курч мүнөздө болду. "Дордойдун" жигиттерине эмки жооп иретиндеги оюнда кыйын болот.

“Дордой” футбол клубунун президенти Аскар Салымбеков беттешүү курч мүнөздө өткөнүн белгиледи.

- Командабыз бул таймашууга жакшы даярдык көрбөгөнү байкалып калды. Чынында ири эсеп менен жарым финалда утушка жетүү кыйынга турат. Себеби баш байге үчүн күч сынашуу - өтө опурталдуу жана жооптуу. Былтыркы ийгиликти колдон чыгарбоого аракет кылабыз. Биздин команда бул ирет начар ойноду.

Футбол адиси Чынарбек Бейшенбековдун пикиринде, өлкө аймагында бул оюнга өкмөттүк деңгээлде көңүл бурмайын футболдун деңгээли жогорулабайт.

Эми жооп иретиндеги жарым финалдын экинчи беттешүүлөрү 7-августта Ош шаарында, 9-августта Кочкор-Ата шаарында болмокчу. Финалдык оюн 31-август - Эгемендүүлүк күнгө белгиленүүдө.

Эгемендүүлүк кубогунун алгачкы жеңүүчүсү Бишкектин “Алга” командасы болгон. Биринчи топту да Оштун “Алай” командасынын дарбазасына “Алганын” чабуулчусу, маркум Асыл Момунов киргизген.

Учурунда бул мелдеште Токмоктун “Ак-Марал” , Кызыл-Кыянын “Семетей”, Кара-Суунун “Жаштык-Ак-Алтын”, Канттын “Абдыш-Ата” командалары баш байгени жеңип алганда айыл жергесинде футбол жанданды деген үмүт пайда болгон эле.

Бишкектин “СКА ПВО” командасы Эгемендүүлүк кубогун алты ирет катары менен жеңген. Бирок учурда бул команда жок. Жарым финалга чыккан “Дордой” командасы да төрт жолу жеңүүчү болсо, Канттын “Абдыш-Ата” клубу үч ирет кубокту алган.
XS
SM
MD
LG