Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

Депутаттарды кайра чакырып алуу боюнча жобо киргизүү сунушталууда


Бүгүн “Прогресс” кору билдирүү таратып, анда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра чакырып алуу механизми жок болгонунан улам алардын жоопкерчилиги да аз экени айтылат. Фонддун төрагасы Адил Турдукулов 1-августтагы сот ишин мисалга тартты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Санжар Кадыралиевдин өлүмү боюнча 1-августта өткөн сот учурунда маркумдун карындашы, Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева Санжар Кадыралиевди өлтүрдү деп шектелгендерди бут кийими менен сабаганы айтылган.

Ыргал Кадыралиева бул маалыматты четке кагып, сот айыпталуучулардын адвокатынын келбей калганы үчүн жылдырылганын “Азаттыкка” билдирген.

“Прогресс” фонду жакынкы арада депутаттарды кайра чакырып алуу боюнча жобо иштеп чыгууну жана аны саясий партиялардын уставына киргизүүнү сунуштап жатат. (EK)

XS
SM
MD
LG