Азербайжандык укук коргоочулар «Евровидение» эл аралык конкурсуна карата акция башташты. "Эркин эмес өлкөдөгү эркиндик ырлары" деген аталыштагы бул өнөктүктүн чегинде укук коргоочулар өкмөттөн саясий туткундар деп саналгандарды түрмөдөн бошотууну, маалымат каражаттарынын эркиндигин жакшыртууну жана демонстрацияларга чыгууларга чектөөлөрдү азайтууну сурап жатышат. Укук коргоочулар муну конкурска меймандостук ишарасы катары белгилешүүдө. Эл аралык Евровидение конкурсу 2012 – жылы Бакуда өтөт. Аны уюштуруу комитетине биринчи айым Мехрибан Алиева жетекчилик кылат.