Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:11

СДП курултайын 14-августка белгиледи

Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын Жогорку Кеңештеги депутаты Эгемберди Эрматов билдирди. Анын айтымында, учурда партиянын райондук, облустук деңгээлдеги конференциялары өтүп, курултайга делегаттар шайланууда. Бул курултайында Социал-демократтар президенттикке талапкерин аныктоосу керек.

Аталган партиянын лидери, премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин президенттик шайлоого катышары айтылып келет. Парламенттеги беш партиядан президенттикке талапкерин азырынча “Ата Журт” гана көрсөткөн.

“Ата Мекен” партиясы өз курултайына 7-августта жыйналууда. Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен календарлык планга ылайык, саясий партиялардын президенттикке талапкер көрсөткөн протоколдору жана өзүн-өзү көрсөткөндөрдүн арыздары кабыл алынуучу акыркы күн - 15-август.
XS
SM
MD
LG