Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Жапониянын өкмөтү улуттук акчаны алсыратууда


Йендин долларга карата курсун көтөрүү үчүн жапон өкмөтү валюта базарына интервенция кылды. Каржы министри Иошикико Ноданын айтымында, мындай кадам быйыл марттагы зилзала менен топон суу алып келген кыйракандын кесепеттерин жоюп жаткан Жапониянын экономикасын колдоо үчүн жасалууда. Апта башында бир доллар 76 йен турса, өкмөттүн интервенциясынан кийин бир доллар 78 йенге бааланып калды. Эксперттердин айтымында, йендин күчтөнүшү жапон корпорацияларынын четтен тапкан кирешесин азайтып, өлкөнүн экспортко багытталган продукцияларынын кымбатыраак кылып койот. Америкалык доллардын башка чет элдик валюталарга карата курсу соңку күндөрү АКШдагы экономикалык өсүштүн келечеги боюнча тынчыздануулардан улам төмөндөдү. (UE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG