Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетов билдирди. Анын айтымында, казак тараптын өтүнүчү боюнча азырынча кандайдыр бир чечим кабыл алына элек. Суу Токтогул суу сактагычынан суралып жаткандыктан бул эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосунда чечиле турган маселе. Мурдараак Бишкекке Түштүк Казакстан облусунан кошумча суу бөлүүнү сурап келген делегация соңку эки-үч күндөн бери Кыргызстандын Энергетика мининистрлигинде сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканы маалымдалган. Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинен “Азаттыкка” облустук деңгээлдеги делегациясынан Бишкекте бар-жогунан алар кабардар эместигин билдиришти.
“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун маалыматына караганда, 4-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19 миллиард 163 миллион куб метрди түзөт. (UE)
“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун маалыматына караганда, 4-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19 миллиард 163 миллион куб метрди түзөт. (UE)