Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Өспүрүмдөр порнографиясы боюнча АКШда 72 кишиге айып коюлду


Алар дүйнөлүк интернеттеги өспүрүмдөрдүн порнографиясын таркаткан тармакка тиешеси бар деп шектелүүдө. Бул кылмыш ишине байланыштуу сексуалдык зордукка туш келген балдардын он миңдеген сүрөттөрү жана видео тасмалары сатылган.

Расмий бийликтердин маалыматына ылайык, айыпталгандардын 43ү АКШда, калгандары башка мамлекеттерде кармалган. Айыпталгандардын 20 чактысы кармала элек. Тергөөчүлөрдүн айтымында, аталган тармактын катышуучулары 12 жашка чейинки кыздарды жана балдарга, анын ичинде ымыркайларга сексуалдык ыдык көрсөтүп, ал тууралуу сүрөттөрдү башка бачабаздар менен алмашып турушкан.

XS
SM
MD
LG