Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

Каирде Мубарактын ички иштер министринин соту уланууда


Египеттин мурдагы башкы тартип коргоочусу Хабиб ал-Адли менен катар дагы алты мартабалуу полиция кызматкери бүгүн сот алдына келишти. Экс-президент Хосни Мубарактын үстүнөн тарыхый сот иши баш калаада кечээ башталды. Мубаракка, ал-Адлиге жана алты полиция кызматкерлерине Мубарак бийликтен кетүүгө аргасыз болгон февралдагы элдик толкундоолордо жүздөгөн кишини атууга буйрук берген деген айып коюлууда. Айыбы далилденсе, булар өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Буга чейин араб дүйнөсүндө бир да мамлекет башчысы өзүнүн катышуусунда соттолгон эмес.

XS
SM
MD
LG