Европа комиссиясынын президенти Хозе Мануэл Бароссо бүгүн 17 өлкө кирген евро аймакты куткаруу корунун көлөмүн көбөйтүүгө чакырды. Еврозонанын лидерлерине жолдогон катында Бароссо мындай чара карыз кризисинин жайылышын алдын алуу үчүн керек экендигин баяндайт. Өткөн айда бул аймактын өкмөттөрү кризистик стратегия боюнча макулдашууга жетишкен. 21-июндагы келишим боюнча Греция экинчи ири каржылык жардам алат. Ошондой эле Европалык финансылык турукташтыруу коруна жаңы жана кеңири ыйгарымдар берилди.