Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Медведев Грузия телеканалына интервью берди


Орусия өзүнүн Дүйнөлүк Соода Уюмуна киришине бут тоспоого Грузияны ынандырууда. Бул тууралуу президент Дмитрий Медведев Сочиде берген телеинтервьюсунда билдирди. Анын айтымында Грузиянын саясий тоскоолдуктарын эске албаганда Орусиянын бул уюмга кирүү мүмкүнчүлүгү быйыл жогору болчу. Тбилиси бажы маселеси чечилбесе соода уюмуна Орусянын кирүүсүнө каршы вето укугунан пайдаланарын билдирген.
Дмитрий Медведев Russia Today, «Эхо Москвы» жана Кавказдын биринчи маалымат телеканалдарына интервью берди. Бул - орус президентинин эки мамлекет ортосундагы жаңжалдан кийин Грузия маалымат каражатына биринчи маеги.
2008-жылы августтагы жаңжалдан кийин Орусия Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган.

XS
SM
MD
LG