Злитен аймагында Муаммар Каддафинин аскердик күчтөрүнө багытталган НАТОнун соккусунан Хамис Каддафи набыт болгонун ливиялык козголоңчулар билдирет.
Козголоңчулардын айтымында, Каддафинин күчтөрүнөн 30дан ашуун аскер жана офицерлер өлтүрүлдү.
Расмий Триполи ливиялык лидердин уулунун өлүмүн тастыктаган жок. Ошол эле учурда НАТОнун соккусунан 3 карапайым жаран өлгөнүн айтып, айыптады.
Буга чейин ливиялык бийликтер Злитен шаарына кол салуунун мизин кайтарышканын билдирген. Злитен шаары ордо калаа Триполиге бараткан жолдогу негизги жерлердин бири.