Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

"Сотторду тазалоо" кыймылы президентке кайрылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кыймылдын мүчөсү Каныбек Сарымсаков билдирди. Кыймыл президентке бүгүн жөнөткөн кайрылуусунда Сотторду тандоо кеңешинин курамына мурдагы бийлик учурунда таза иштебеген адамдар киргенин айтып, кеңеш жакында тандаган Жогорку Сот менен Конституциялык палатанын судьяларын бекитпөө талабын билдирүүдө.

Ошондой эле кыймылдын мүчөлөрү Сотторду тандоо кеңешинин курамын кайра шайлоону өтүнүп, талаптары аткарылбаcа мөөнөтсүз нааразылык акциясына чыга турганын эскертүүдө.

Кыймылдын бул сындарына Сотторду тандоо кеңешинен расмий жооп боло элек.

Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Кеңештин 8-июлдагы кезексиз жыйынында бекитилген. Ага ылайык, бул кеңешке 24 адам кирип, төрага болуп Замирбек Базарбеков шайланган. Жакында бул кеңеш Жогорку Сот менен Конституциялык палатанын судьяларынын дээрлик көпчүлүгүн тандап чыккан. (KKs)

XS
SM
MD
LG