Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр Алмазбек Атамбаев жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенамановго сөгүш жарыялады. Буга министрдин айрым интернет басылмаларына берген негизсиз маалыматы себеп болду.
Атамбаев “өкмөт Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу үчүн өлкөдөгү бир катар кен аймактарын чет өлкөлүк инвесторлорго берүү токтомун кабыл алган” деген сөздөрдү четке кагып, министрдин мындай маалыматты беришин жоопкерчиликсиз аракет катары баалады. Өкмөт башчы бул темир жол Кыргызстанга канчалык керек болсо да, кен аймактары эч кимге берилбей турганын кошумчалады.
Буга чейин интернеттеги Tazabek басылмасы жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов менен маекти жарыялап, анда кыргыз өкмөтү Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу үчүн чет өлкөлүк инвесторлорго Кыргызстандагы Жетим-Тоо, Терек-Сай, Сандык өңдүү кен аймактарын берери, бул боюнча токтом чыкканы кабарланган. (KKs)