Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:20

Акциялар баасынын арзандоосу уланууда


АКШ менен Европанын саясий лидерлери карыз кризистерин жөнгө сала албайт деген кооптонуулардан улам Азиянын биржаларында баа бүгүн да кескин ылдыйлап кетти. Жапонияда негизги биржалык индекс 5 пайызга жакын, Түштүк Корея менен Гонконгдо 7 пайыздын тегерегинде төмөндөдү. Мунун алдында кечээ төмөндөө Азия менен катар Европа, Латын Американын базарларында орун алган.

Standart and Poors рейтинг агенттиги АКШнын кредиттик рейтингин төмөндөткөндөн кийин алгачкы күнкү соода Американын баалуу кагаздар базары акыркы тогуз айдагы эң ылдыйкы деңгээлге чейин түштү.

Акциялар менен кошо кара майдын баасы арзандаса, алтын кымбаттап, анын бир уницийи кечээ 1713 доллардан ашты. Standart and Poors агенттиги АКШнын рейтингин өткөн жума күнү бир пунктка ылдыйлаткан. Мунун башкы жүйөсү катары Вашингтон бюджет таңкыстыгын көзөмөлдөй албай жаткандыгын атаган. АКШ президенти Барак Обама өз сөзүндө Американын кредиттик рейтинги адилетсиз ылдыйлатылганын белгилеп, бул үчүн жоопкерчилик мунасаны узак издеген саясатчыларда жатканына токтолду.

XS
SM
MD
LG