Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

Абдрасулованы Токмок милициясы кармап турду


Токмок шаарында укук коргоочу, ИИМдин коомдук байкоочу кеңешинин төрага орун басары Азиза Абдрасулованы милиция кызматкерлери бир саат койо бербей кармап турушту. Бул маалыматты укук коргоочу өзү “Азаттыкка” тастыктады.

Маалыматка ылайык, 2-август күнү Азиза Абдрасулова баштаган укук коргоочулар Токмоктогу убактылуу кармоочу жайларда байкоо жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында 17 жаштагы кызга карата мыйзам бузууларды каттап, ал боюнча Токмоктук прокуратурага арыз жазышкан.

Бүгүн Азиза Абдрасулова кыздын укугун коргоп, сотко келген. Токмокто башка жактоочулар менен авдокаттык кеңсеге барууга туура келген. Адвокаттык кеңсе Токмок ШИИБнүн имаратына жанаша жайгашкандыктан Абдрасулова айдаткан такси Токмок ШИИБнүн алдына токтогон. Ал ортодо милиция кызматкерлери автоматтар менен келип, Азиза Абдрасулованы бир саат койо бербей кармап турушкан.

Тартип коргоо органдары Токмок ШИИБнүн алдына чоочун машина токтобошу керектигин билдиришкен.

Азиза Абдрасулова бул жагдайды өз ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.

Окуя боюнча Токмок ШИИБ расмий комментарий бере элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG