Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Лондондо 450 киши камакка алынды


Лондондо өткөн дем алыш күндөрүндөгү массалык тополоңго катыштыгы бар деген айып менен камакка алынгандардын саны 450гө чыгып, башаламандык башка райондорду да чулгады.

Англиянын ордо шаарында топтошкон жаштар менен кагылышууда 30дан ашык полиция кызматкери жаракат алды. Тополоң шейшембиге оогон түнү да уланып, Тоттенхэм районунда 4 күн мурда башталган башаламандык, өрттөө, талап-тоноолор Бирмингем, Бристол жана Ливерпулду да чулгады.

Беттерин чүмкөгөн жаштардын тобу дүкөндөрдү талкалап, имараттарды жана автоунааларды өрттөштү. Дүкөндөрдү талап-тоногондор арасында 10-12 жаштагы балдар да бар экени айтылды. Бул башаламандыкка байланыштуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон эмгек өргүүсүнөн кезексиз жумушка чыгып, абалды жөнгөрүү үчүн бийлик бардык керектүү чаралады көрөрүн айтты.

XS
SM
MD
LG