Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда күч колдонуудан улам алган жараатынан Орусиянын жараны Усманжан Холмирзаев каза болду. Бул маалыматты “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Талант Конокбаев тастыктады.
Маалыматка ылайык, 7-августта Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Холмирзаевди июнь коогалаңы боюнча суракка алып келишкен. Сурактан Холмирзаев үйүнө кечки сегиздер чамасында келип, милиция кызматкерлери аны ур-токмокко алганын айткан. Эртеси күнү ал ооруканага жеткирилип, 9-августта каза тапкан. Соттук медициналык-экспертизанын жыйынтыгында каза болгон адамдын көкүрөк тушундагы сөөктөр сынганын, денесине оор залакат келгени аныкталды.
Натыйжада райондук прокуратура бул факт боюнча “кызматтык укуктардан аша чабуу”, "атайылап ден соолукка зыян келтирүү" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.
Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары Мелис Шералиев Холмирзаев Базар-Коргондо сурак бергенин тастыктап, бирок аны милиция кызматкерлери чындап эле сабап-сабабаганын иликтөө көрсөтөөрүн “Азаттыкка” билдирди. (KKs)