Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Жарандык кеңеш соттордун тандалышын сынга алууда


Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңеш бүгүн билдирүү таркатып, анда Сотторду тандоо кеңешинин ишине бир катар сын-пикирлерди айтты. Билдирүүдө Жогорку Сот жана Конституциялык палатанын судьяларын тандоодо жана талапкерлерди көрсөтүүдө мыйзам бузуулар болгону айтылат. Маселен, жарандык кеңеш Сотторду тандоо кеңешине кирген адамдардын Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлигин коюшу, кеңештин ачык иштебегени сынга алууда.

Мындан улам жарандык кеңеш тандалган судьяларды бекитпөөнү президенттен өтүнүп, Жогорку Кеңешке Сотторду тандоо кеңешине көрсөтүлгөн талапкерлерди кайра кароону сунуштап жатат.

8-июлда Жогорку Кеңеш Сотторду тандоо кенешинин 24 кишиден турган курамын бекиткен. Жакында бул кеңеш Жогорку Соттун 29, Контитуциялык палатанын 11 судьясын кайра тандап чыккан. Жогорку Соттун 6 оруну үчүн жаңы талапкерлер сунушталары кабарланган.

Сотторду тандоо кеңеши болушунча ачык иштешкенин буга чейин билдиришкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG