Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Казакстан Кыргызстандан сууга кошуп электр кубатын арбын алат


Казакстан Кыргызстандан секундасына 550 куб метр суу алат жана ошондой эле бул сууну койо берүүдө иштелип чыккан электр энергиясын алууга да даярдыгын билдирди. Буга байланыштуу эки өлкөнүн суу чарба жетекчилери атайын келишимге кол коюшту.

Бүгүнкү күндө бул маселе өкмөттүк деңгээлде чечилип атат. Кыргызстандын суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрага орун басары Чыңгыз Узакбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, келишим сугат суу маселесине байланыштуу 8-августта Тажикстандын Хожент шаарында өткөн Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын суу чарба башчыларынын кезексиз жумушчу жыйынында түзүлүп, кол коюлган. Анын айтымында, жыйында Борбор Азиядагы суу бөлүштүрүү маселеси чиеленишип баратканы талкууланды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG