Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:28

Президенттикти эңсегендердин саны 50гө жетти


Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн президенттик шайлоого катышуу ниетин жеке ишкананын ээси Бийназар Бердикеев, “Нарын” кыргыз-немис ишканасынын жетекчиси Кубанычбек Исабеков билдирди. Натыйжада президент болом дегендердин саны 50гө жетти. Алардын 41и өзүн-өзү көрсөтүшсө, тогузун саясий партиялар сунуштап жатышат.

Талапкерлерди көрсөтүү 16-августка чейин созулат. Президенттик шайлоо 30-октябрда өтөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG