Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

12-августта айрым жерлерде өткүн өтөт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 12-августта Кыргызстандын аймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда гана өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл кылаасында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29, Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28, Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23, Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 4…9 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 26…28 градус жылуу болот. (KKs)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG