Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

FH уюму казакстандык адвокатты бошотууну талап кылды


АКШда жайгашкан укук коргоочу "Фридом Хаус" (Freedom House) уюму Казакстанда иш таштаган мунай жумушчуларына алардын укуктары тууралуу түшүндүрмө берген адвокатты бошотууга чакырды.

Казакстандын батышында сот Наталья Соколованы дүйшөмбү күнү "КаражанБасМунай" ишканасында "коомдук башаламандыкка шыкакчы болуп, мыйзамсыз жыйын уюштурду" деп алты жылга эркинен ажыраткан эле.

Аталган казак-кытай ишканасында жүздөгөн жумушчулар май айынан бери иш таштап жатышат. "Фридом Хаус" өз билдирүүсүндө Соколовага каршы сот иши көз бойомочулук менен өткөнүн белгилеп, "Казакстанда сот системасы оппозицияны "ооз басты" кылыш үчүн пайдаланылып жатат" деген тынчсыздануусун билдирди.

XS
SM
MD
LG