Эстониянын прокуратурасынын маалыматына караганда, куралчан адам Коргоо министрлигинин имаратына кирип, түтөмө бомба ыргытып, эки адамды барымтага алган. Алар аман-эсен бошотулду, куралчан адам полициянын операциясы учурунда атып өлтүрүлдү.
Эстон премьер-министри Андрус Ансип билдиргендей, кол салган адам 56 жаштагы Карен Драмбян болуп чыкты. Ал Арменияда төрөлгөн, эстон жарандыгын 1993-жылы алган экен. Премьердин айтымында, кол салуунун жүйөсү белгисиз, бирок Драмбянды өткөн айда Норвегияда 77 адамды мерт кылган ашынган улутчулдун аракети шыктандырган болушу мүмкүн.