Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:48

Баш катчы Ливияда жоготуу көбөйүп жатканына кабатыр


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Ливияда жайкын калк арасында жоготуу көбөйүп жатканына тынчсызданды. Ал жаңы билдирүүсүндө эч бир тарапты бөлүп көрсөтпөстон жаңжалга тартылып жаткандардын баарын урушта өтө этият болууга үндөдү.

Пан Ги Мун мурда НАТОнун Ливияда БУУнун Коопсуздук кеңеши колдогон аскердик операциясын кызуу жактаган. Бирок Коопсуздук кеңештин айрым мүчөлөрү Орусия, Кытай, Бразилия, Түштүк Африка НАТОнун Муаммар Каддафинин күчтөрүнө каршы аба соккулары БУУнун резолюциясынын чегинен чыгып кеткенин айтышып, сынга алышкан.

Баш катчы Пан Ги Мун өз билдирүүсүндө Ливиядагы кризисти аскерий жол менен чечүү мүмкүн эместигин белгилеп, ок атышуунун токтошу менен бир эле учурда саясий жараяндын башталуусу гана тынчтыкка жана коопсуздукка жетүүнүн эң жарамдуу жолу экендигин айтат.

XS
SM
MD
LG