Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

4 өлкөдө акцияларды кыска мөөнөттө сатууга тыюу салынды


Европанын баалуу кагаздар базарын тескеген мекеменин билдиргенине караганда, бүгүнтөн тартып төрт өлкөдө - Франция, Италия, Испания, Бельгияда - акцияларды кыска мөөнөттө сатууга убактылуу тыюу салынат. Мындай чара базардагы туруксуздукка байланыштуу көрүлүүдө.

Кыска мөөнөттө операция жүргүзүүдө киреше акциялардын нарксыздануусунун эсебинен табылат. Мында пайданы көбүнесе акцияларга ээлик кылбаган эле ортомчу соодагер көрөт. Кыска убакытка эсептелген соода операциялары баалуу кагаздар базарын дестабилдештирүүчү фактор катары бааланып, сынга алынып келинген.

Адегенде АКШнын кредиттик рейтинги төмөндөтүлгөнүнөн, андан кийин Европадагы карыз кризисинен жана банктарынын бекемдигинен күмөн саноолорго, жалпысынан дүйнөлүк экономиканын келечегинен тынчсызданууларга байланыштуу бул аптада баалуу кагаздар базарларында акциялар кескин арзандап кеткен.

XS
SM
MD
LG