Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:36

Техастын губернатору АКШ президенттигине ат салышат


Рик Перри 2012-жылкы шайлоого Республикалык партиядан талапкер болууга аракеттенмекчи. Анын өкүлү Марк Майнердин айтымында, губернатор шайлоого катышары жөнүндө ушул ишемби күнү расмий жарыялаган жатат.

Республикалык партиядан буга чейин шайлоо өнөктүгүн бир нече саясатчы баштап койгон. Алар бейшемби күнү сыналгыдан бүткүл өлкө боюнча көрсөтүлүүчү дебаттарынын кезектегисин өткөрүштү. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, Массачусетс штатынын мурдагы губернатору Митт Ромни республикачылардын арасынан алдыда. 2012-жылы кайра шайланууну көздөөрүн азыркы президент Барак Обама да жарыялаган. Республикачылардын ич ара таймашта жеңип чыкканы ага атаандаш болот.

XS
SM
MD
LG