Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Президент болом дегендердин саны 57ге жетти


Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн президенттик шайлоо катышуу боюнча арызын SAVE кайрымдуулук корунун жетекчиси Камил Байболов, "Кыргыз атайын экспорт" ишканасынын башчысы Аскарбек Абышев, убактылуу иштебеген Уланбек Сооданбеков берди. Мындан тышкары “Мекен Ынтымагы” партиясы төрагасы Темирбек Асанбековдун талапкерлигин көрсөттү.

Натыйжада президенттикке ат салышууну каалагандардын саны 57ге жетти. Алардын 47си өзүн-өзү көрсөтүшсө, онун партиялар сунуштап жатышат.

Талапкерлерди көрсөтүү 15-августта кечке жуук жыйынтыкталат. (KKs)

XS
SM
MD
LG